Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат (программасы)

Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, иш-чара 24-25-апрель күндөрү өтөт.

24-апрель – Ыр күнү

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде саат 10:00дө илимий-практикалык конференция менен башталат. Конференциянын темасы: Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери. Андан соң масстер класс болот: Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль. Башталышы саат 14:00.

Ыр күнү Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында "Кылым кайрыктары" аталыштагы концерт менен жыйынтыкталат. Башталышы саат 18:00

25-апрель – Салттуу музыка күнү

Жумалыктын жабылыш аземине арналган салттуу музыканы алып жүрүүчү искусство ишмерлеринин Гала-концерти өтөт. Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында саат 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан