Куудул Назира Жетигенова: "Өзүмдү 49 жашка эмес, 18 жашка чыккандай сезип жатам"

Бүгүн, 24-апрелде куудул, актриса Назира Жетигенова 49 жашка толду. Куудул айымды өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда ал туулган күнүн достору менен өткөрөрүн айтты.

"Куттуктоо үчүн чоң рахмат. Майрамдык маанай абдан жакшы. Өзүмдү 49 жашка эмес, 18ге чыккандай эле сезип жатам. Биринчилерден болуп түнкү саат 12де неберелерим, кыздарым жана күйөө балдарым куттуктап, акчалай белек беришти.

Буюрса, туулган күнүмдү досторум менен өткөрөм. Атайын бир жерди ижарага алып койгом. Болжол менен 30-35тей конок келет", - дейт ал.

Куудул Назира Жетигенова Талас шаарында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Бул тууралуу ал "Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Мен болсо атамды сагынып, анын үстүнө окугум келбей айылдан келген кыздар менен мушташа берип окуудан чыгып, билим албай калганыма өкүнөм" дегени бар.

Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык "Ак марал" бий студиясында окуган. Дал ушул студиядан ал болочоктогу жолдошу менен таанышып, ага турмушка чыгат. "Жолдошум апасынан беш жашында айрылып, өгөй эненин колунда өсүптүр. Ушунун баарын угуп жолдошумду аяп, жоолук салса эле кетпей отуруп калдым. Анда болгону 16 жашта болчумун. Жолдошум экөөбүз эки айдан кийин эле урушуп, урушмак түгүл согуша баштадык.

Кичүү кызым төрөлүп ага бешик той бергени Ошко бардык. Ошол жерден кайын сиңдим Суусаркан экөөбүз уруша кеттик. Жиним келип аны сабап салдым. Ошентип, кайын сиңдимди сабап салгандан кийин ажырашып кеттик", - деген ал маектеринин биринде.

Назира Жетигенова менен мурунку жолдошу Турдумамат мырзанын ортолорунда Айпери жана Азиза аттуу кыздары бар.

Куудул айым биринчи жолу чоң сахнага 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чыккан.

Назира Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орун­ду алган.
24-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан