Ош окуясын уюштуруучулардын бири Караматхон Абдуллаева кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында мурда издөөдө жүргөн шектүү 22-апрелде кармалды. Ал 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.
Абдуллаева убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ош милициясы кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
Эске салсак, 2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, уруш, талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолгон.
Анын кесепетинен 446 адам каза болуп, он миңге чукул жарандар жаракат алган. Ал эми бул окуя боюнча 5 миңден ашык кылмыш иши козголуп, 488и боюнча сот чечими чыккан.