Чүйдө жүк ташуучу унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болду

Чүйдүн Сосновка айылында Mercedes-Benz Atego жүк ташуучу унаасы жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалымалгандай, кырсык 22-апрелде саат 18:26да болгон. Анда жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1968-жылы туулган Г.Б. аттуу жаран экени белгилүү болду.

"Айдоочу Бишкек-Ош унаа жолунда түштүк тарапты көздөй бара жатканда жолдун 80-чакырымында жөө адамдар өтүүчү тилкеден 50 метр алыстыкта ​​жаш бала жолго чыга калган", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 2018-жылы туулган Х.Н. окуя болгон жерде каза болгон.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан