"Милицияга ата-энеси кабарлаган эмес". Ноокатта 8-класстын окуучусу асынып алды

Ош облусунун Ноокат районунда 8-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Маркум кыз Ноокат районуна караштуу Арал айылында жашайт. Ата-энеси кызды жерге берип, окуя тууралуу эч кимге кабарлаган эмес. Аталган факты маалымат журналына катталды. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, окуя 2023-жылдын 4-апрелинде болгон, бирок өспүрүм кыздын өз жанын кыйганы тууралуу кабар бүгүн, 24-апрелде гана белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан