Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Бүгүн, 24-апрелде Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул туурасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, курулуш компаниясынын жетекчилери ага Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы эки таунхаусты 120 миң долларга сатканын билдирген. Бирок үйлөр банктын күрөөсүндө экени белгилүү болуп, арыз ээси акчасыз жана таунхауссыз калган.

Аталган факты боюнча "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Э.М. жана 1996-жылы туулган М.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алардын ушул сыяктуу 6 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталганы белгилүү болду.

Укук коргоо органдары кармалган адамдын аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0 (700) 065 005, 0 (700) 002 020 же 102 телефон номурларына билдирүүнү суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан