Судандагы куралдуу кагылышууну уюштуруп жаткан тараптар 24-апрель күнү түн ортосунан баштап 72 саатка ок атышпоо тууралуу макулдашты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирип, анын билдирүүсүн АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялады.
Мындай чечим 48 сааттык сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган. Блинкен өз кезегинде конфликттин тараптарын аны толук аткарууга чакырды. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн аймактык жана эл аралык өнөктөштөр, Судандагы жарандык институттардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташууга ниеттенүүдө.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган. Дүйнөлүк басалмалардын акыркы маалыматтарына ылайык, кагылыштан 400дөй адам каза болуп, 3 жарым миңден ашык жаран жаракат алган.