
Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
2023-жылдын 24-апрель күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал өзүн Сиддик деп тааныштырган адам, ушул жылдын февраль айында рак оорусу менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине алдоо жолу менен кирип, 5500 доллар акчасын алып, убадасын аткарбастан дары дармекке дагы акча талап кылган жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Текшерүү учурунда Сиддик аттуу адам Пакистандын жараны 1982-жылы туулган С.У.Р. экендиги аныкталып, ал тиешелүү медициналык билими жана уруксааты жок туруп, жарандарды мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер менен мыйзамсыз дарылоону жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы шектүү жарандын жүргөн жери аныкталып, ал кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүү ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар болушу мүмкүн.
Буга байланыштуу, эгерде С.У.Р. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, анда Аламүдүн РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312363527, 363523 телефондоруна кайрылуу зарыл.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.