Төө-Ашуудагы Кусейин Кольбаев атындагы тоннелдин ичине бузулуп калган Mercedes-Benz S-500 унаасы куткаруучулар тарабынан чыгарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 24-апрелде Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Mercedes-Benz S-500 үлгүсүндөгү унаа бузулуп калган.