Президенти Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Алдыдагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.
Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошондой эле Орусия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.
2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчысы ардактуу конок катары жеңиш парадына катышат", - деп жазылат маалыматта.