Чүйдүн Аламүдүн районунда унааларды уурдап, андан ары кайра сатууга шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айында белгисиз адамдар анын Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алышкан. Ал келтирилген зыянды 6 миң долларга баалаган.
Милиция кызматкерлери бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын натыйжасында кылмышка шектүүлөр: 1999-жылы туулган Б.уулу К., 2000-жылы туулган Ж.уулу Ж., 1999-жылы туулган А.уулу М., 1999-жылы туулган Б.У. аттуу жарандар кармалды.
Белгиленгендей, кармалган жарандар уюшкан топ катары иш алып барышкан. Алардын айрымдары өз алдынча унааларды ачып, уурдап жүрсө башкалары сатуу иштери менен алектенген.
Алар бир катар уурулуктарды жасаган деп шектелүүдө.
Тергөө иштери уланып жатат.