"Гарри Поттер" тасмасынын жылдызы актёр Дэниел Рэдклифф алгачкы ирет ата болду

"Гарри Поттер" тасмасынын жылдызы, актёр Дэниел Рэдклифф алгачкы ирет ата болду. Бул тууралуу британиялык "Daily Mail" гезитинин эксклюзивдүү сүрөтүнөн улам маалым болду.

"Daily Mail" гезитинин папараццилери 33 жаштагы актёр Дэниел Рэдклифф менен 38 жаштагы сүйүктүүсү актриса Эрин Дарк ымыркайын коляскага салып алып Нью-Йорктун көчөлөрүндө сейилдеп жүрүшкөнүн тартып алышкан. Дал ушул сүрөттөн улам актёрлордун биринчи ирет ата-эне болгондугу коомчулукка ачыкталган. Бирок жылдыздар наристенин жынысын айтыша элек.

Эске салсак, жылдыздуу түгөйлөр 2012-жылы “Жакындарыңды өлтүр” (Убей своих любимых) тасмасына тартылуу учурунда таанышып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан