Жалал-Абадда кайнагасынын башын темир менен жара чапкан жаран изделүүдө

Жалал-Абадда тургундун башын жара чапкан жарандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү саат 19:50 чамасында Жалал-Абад шаарына жакын жердеги Сузак районунун аймагында Э.Д. аттуу жаранды темир менен башына чаап, денесине жараат келтиришкен. Натыйжада жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар жарандарды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти милициядан.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып, Жалал-Абад облусунда 22 жаштагы жигит аялынын 36 жаштагы агасын өлтүрүп коё жаздаганын жазып чыккан. Андагы маалыматка караганда жаңжал үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыккан.

Тагыраагы, жабырлануучу Э.Д. карындашынын чакыруусу менен анын үйүнө келгенде, С.М. аттуу күйөө баласы карындашын сабап жаткан кезде үстүнөн чыгат. Э.Д. арачага түшүп күйөө баласын алакан менен жаак талаштыра чаап коёт жана карындашын төркүнүнө алып кетип калат. Эки аптадан соң жубайлар кайра жарашат.

15-апрелде С.М. келинчегин келишпестиктерден улам кайра төркүнүнө жеткирип барат. Ошол маалда С.М. кайнагасы мурда бир жолу чаап койгонун кектеп, досу менен бирге аны сабап коёт. Анда С.М. кайнагасын сүйлөшүүгө чакырып, жанына келгенде темир менен башка бир нече ирет чапкандыгы айтылат.

Сүрөт: Кактус Медиа сайтынан алынды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан