Башкы прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

"Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Кемин районундагы Жел-Арык битум базасына 2022-жылы 4 551 тонна битум келип түшүп, анын 4 100 тоннасы "Кыргыз автожолго" караштуу жол тейлөө ишканаларына таратылганы, бирок 300 тонна битум белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.
"Аталган ишканалардын жооптуу адамдары кызмат абалынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке 17 миллион 333 миң сомдук зыян келтиришкен", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан