Бокс боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугуна катышат (тизме)

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, курама команда 22-апрелден бери Ташкент шаарында Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Ал эми мелдеш 30-апрелден 14-майга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  1. Анвар Ходжиев 48 кг (СЧ);
  2. Нуржигит Дүйшебаев 51 кг (СЧ);
  3. Санжар Сейдакматов 54 кг (ЭДСЧ);
  4. Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг (СЧ);
  5. Мирзахид Имамназаров 69 кг (СЧ);
  6. Жантөрө Ташиев 63.5 кг (СЧ);
  7. Жакшылык Таалайбеков 67 кг (СЧ);
  8. Нурадин Рустамбек уулу 71 кг (СЧ);
  9. Данияр Дамирдин уулу 75 кг (СЧ);
  10. Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг (ЭДСЧ);
  11. Эркин Адылбек уулу 86 кг (СЧ);
  12. Бакыт Токтосун уулу 92 кг (СЧ);
  13. Оомат Элчоро уулу +92 кг (СЧ).

Курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетечилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан