Башкы прокуратура Баткенде жол кургандар 40,8 миллион сом жеп кеткенин билдирди

Ош - Баткен - Исфана унаа жолун оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 миллион сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, башкы көзөмөл органы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн алкагында, аталган ишкананын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 40 миллион 888 миң сомду өз кызыкчылыгына колдонуп жиберишкендиги аныкталган. Ишкананын кызматкерлери 2022-жылы "Т.и.К." ЖЧКсы менен Ош - Баткен - Исфана трассасынын Кадамжай - Чечме участогуна 20 чакырым аралыктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо боюнча келишим түзгөнү айтылат.
"Ошол эле учурда "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы бухгалтери Б.О., директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана директору менен макулдашпай "Т.и.К." ЖЧКсы тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскартып, карызын жашырган. Тагыраагы, "Кыргыз автожолдун" эсебинен 12 миллион 681 миң сомду "Т.и.К." компаниясынын пайдасына чыгарып салган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иш козголуп, Башкы прокуратура тарабынан тергелип жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан