Бишкектеги мектептерге кайрадан бомба тууралуу билдирүү түшүп, эвакуация болууда

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектеги №33, 67, 5, 51, "Oxford" жана "Рифал" мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланууда. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлүүдө.

Белгилүү болгондой, мындай көрүнүш жыл башынан бери 4-ирет кайталанып жатат.

Шаардык милиция жеринде тиешелүү кызматкерлер иш алып жатканын билдирди.

Окуялар боюнча бардык чогултулган протоколдор жана алар боюнча козголгон иштер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, бомба боюнча маалымат бергендер изделип жатканы кабарланды.

Ал эми киберкоопсуздук боюнча эксперттер билдирүүлөрдү сватинг менен алектенген өспүрүмдөр жөнөтүшү мүмкүн деп болжолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан