Нарында бир нече жасалма кир жуучу каражаттарды сатып, алдамчылык кылып жүргөн шектүүлөр кармалды

Нарында бир нече жасалма кир жуучу каражаттарды сатып, алдамчылык кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын ШИИБге Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 20-апрель күнү өздөрүн Казакстандан келдик деп тааныштырган эки адам арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен "Тайд", "Ариел" жана "Персил" үлгүсүндөгү айналардын пакетине белгисиз порошокту салып сатып жиберишкендигин билдирген.
Мындан тышкары Нарын шаарында жайгашкан 4 соода-сатык түйүнүнүн ээлери ушундай эле билдирүү менен кайрылышкан.

Аталган факты Нарын ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Өзбекстан Республикасынын жарандары 1991-жылы туулган С.У. жана 2002-жылы туулган С.Д. кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, шектүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок болгондуктан бөгөт коюу чарасы катары тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин 2 айга Нарын шаарында жайгашкан №24 мекемесине камакка алынган.

Шектүүлөр мыйзамсыз киреше табуу максатында кир жуучу каражаттардын ичин туз менен толуктап жана сыртын чаптап алышып, Нарын шаарында орун алган дүкөндөргө кир жуучу каражат деп алдоо жолу менен сатып жибергендиги аныкталган.

Жогорудагы жарандардан жабыр тарткандар болсо (0500) 03 15 13 жана (0777) 03 15 15 номерлер аркылуу байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан