Суданда согушуп жаткан тараптардын бири кызамык жана холера оорусунун козгогучтары, ошондой эле коркунучтуу оорулардын башка үлгүлөрү сакталган лабораторияны басып алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Судандагы өкүлү Нима Саид Абид билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Согушуп жаткан тараптардын бири коомдук саламаттыкты сактоонун борбордук лабораториясын басып алды. Мывндан улам чоң биологиялык коркунуч бар", - деп эскерткен ал.
Анын айтымында, техникалык кызматкерлер материалдарды коргоо үчүн лабораторияга кире алышкан эмес.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган. Дүйнөлүк басалмалардын акыркы маалыматтарына ылайык, кагылыштан 450дөй адам каза болуп, 3 жарым миңден ашык жаран жаракат алган.