"23 жаштагы спортчу балам Орусияда чирип отурат". Уулу Сибирдин түрмөсүндө отурган эненин ыйы

Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте жакындары Орусиянын абактарында отурган адамдар митингге чыгышты.

Алардын бири Жалал-Абаддан келген Гүлзат Жолдошева. Ал уулун кыргыз эле балдар полицияга салып берип койгонун айтты.

"Менин балам Куранды жаттаган кары бала. Анан ал ушинтип иштеген балдарга "Иштебегиле, акчасы арам" деп айтып, кысымга алган. Анан алар сүйлөшүп алып уулумду салып берип коюшкан. Чөнтөгүнө 5 грамм баңгизат салып коюшуптур.

Эми менин уулум Сибирде абакта отурат, 10 жарым жылга соттолгон. Азыр ал жерде -30 градус суук. Ал жер жабык шаар, ал жакка мурда сүргүнгө айдалгандар камалчу экен, эч кандай шарты жок. Эми биздин кооптонгонубуз мамлекет, биз алар үчүн күйбөсөк, алар "Эч кимге керегибиз жок экен" деп ойлошот дагы, Украинага кетип калышат.

Биз 2022-жылы октябрь айында эле уулумду бул жакка которуу боюнча арыз жазганбыз. Ошондон бери жооп жок.

Биздин күйгөнүбүз эле 23 жаштагы Куран жаттаган спортчу уулум ак жеринен абакка кирип, Орусияда чирип отурат", - деди көзүнө жаш алган эне.

Ошондой эле ал уулунун дагы баласы бар экенин, небересин уулу көрө электигин кошумчалады.

"Уулумдун баласы оорукчан төрөлүп калды. Эми уулумдуку бир, неберемдин оорусу бир болуп жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан