Борбор калаада 28 мектеп жана жогорку окуу жайда бомба бар экени айтылууда

Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн билим берүү мекемелеринин саны 28ге жетти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Учурда №61, 6, 19, 51, 52, 4, 67, 65, 85, 63, 62, 90, 59, 58, 9, 27, 17, 33, 8 мектептери, Oxford, QSI International School of Bishkek, "Рефал" билим берүү комплекси жана кыргыз-жапон мектеби эвакуацияланды.

Мектептерге бомба коюлганы тууралуу алгачкы билдирүүлөр милицияга эртең мененки саат 8:30да түшкөн.

Жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат Кыргыз улуттук университетине, №98 лицейге, Борбордук Азиядагы Америка университетинин башкы корпусуна жана инновациялык колледжине, ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинин башкы корпусуна да келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, мындай көрүнүш жыл башынан бери 4-ирет кайталанып жатат.

Окуялар боюнча бардык чогултулган протоколдор жана алар боюнча козголгон иштер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, бомба боюнча маалымат бергендер изделип жатканы кабарланды.

Ал эми киберкоопсуздук боюнча эксперттер билдирүүлөрдү сватинг менен алектенген өспүрүмдөр жөнөтүшү мүмкүн деп болжолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан