Ырчы Марат Ибраев Малаховдун "Песни от всей души" телеберүүсүнө катышты 

Ырчы Марат Ибраев Андрей Малаховдун "Песни от всей души" телеберүүсүнө катышты. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн ырчыга байланышканыбызда ал аталган берүүгө чакыруу менен барганын айтат.

"Песни от всей души" телеберүүсүнө атайын чакыруу менен бардым. Биз 1-май Эмгекчилер күнүнө арналган чыгарылышына кечээ, 24-апрелде тартылдык. Атайын берүүнүн тематикасына ылайык ырларды өздөрү тандап беришет экен. Мен "Когда весна придёт, не знаю" аталышындагы чыгарманы жалгыз, ал эми "А годы летят" аттуу ырды катышуучулар чогуу аткардык. Буюрса, берүү 1-майда "Россия" телеканалынан көрсөтүлөт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан