Тамашоучу Икрам Юлдашев көзүнө операция жасатты

"No name" командасынын оюнчусу, шоумен Икрам Юлдашев көзүнө операция жасатты. "Тамашоучунун" абалын сурап байланышканыбызда ал операция 20 мүнөткө гана созулганын билдирди.

"Бизде көздүн тор пардасы деп коюшат, дал ошол оң көзүмдүн тор пардасынын тамырлары үзүлүп, көрүүсү начарлап кеткен эле. Мындан улам операция кылдыруу үчүн Ташкентте иштеген индус дарыгерге бардым. Бирок Айтка туш келип, операция 2-3 күн жылып кетип, кечээ, 25-апрелде жасаттым. Операция 20 мүнөткө гана созулду. Дарыгер дароо эле "Ошко кете берсең болот" дегенинен мекениме келип калдым. Буюрса, абалым жакшы", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Икрам Юлдашев "Универсал" командасында оюн көрсөтүп жүрүп, кийин "No name" командасынын курамына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан