Баңгизатты жутуп алып түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган наркокурьер кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттолгон Х.Ф. аттуу жаран жаза өтөө жайларынын бирине баңги затын кавитациялык жол менен алып өтүүгө аракет кылган.
Анын ашказанынан жалпы салмагы 30 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү (болжол менен гашиш) заты бар медициналык шприцтердин баллондорунан жасалган үч идиш табылган.