Ошто каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрелге караган түнү Ош шаарынын Аношина көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткен.
Жерине саат 00:50дө 4 куткаруучу тартылган, бирок каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан издөө иши убактылуу токтотулган.
Бүгүн таң эрте издөө-куткаруу иштерине 7 куткаруучу тартылып, натыйжада 35-40 жаштагы славян түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.