Сокулук районунда жашы жете элек кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-февралында Сокулук РИИБине Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын декабрь айынан бери жашы жете элек кызына карата ыплас иш-аракеттерди жасап келген М. аттуу кошунасына чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин (ыплас иш-аракеттерди жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 25-апрелинде тергөө амалдарынын жана экспертизанын корутундуларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип 1980-жылы туулган А.М.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүүгө карата 158-берене боюнча айып тагылып, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши аталган райондук сотуна жөнөтүлдү.