Орусияда Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды. Бирөө каза болду

Орусиянын Щадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 25-апрелде Екатеринбург-Шадринск-Курган унаа жолунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз жараны башкарып келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган Кыргыз жараны Б.уулу. алган жаракатынан ошол жерден каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч. жана жүргүнчү 1999-жылы туулган М.кызы ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргыз Республикасына жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан