Сүйүү, баңги, кылмыш... Учурдун актуалдуу темасын чагылдырган "Дочь" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду

26-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Ак кеме production" компаниясы тарткан "Дочь" тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Ага кино жаратуучулар, актёрдук курам, шоу-бизнестеги көрүнүктүү жылдыздар келишти.

Тасманын сюжети тууралуу айтсак, мурдагы кримтөбөл Гапардын жалгыз кызы балдар үйүндө чоңойгон баңгикурьерге ашык болуп калат. Муну билген атасы кызынын бактысын ойлоп аларды ажыратууга аракет кылат. Өзүн "типографияда иштейм" деп тааныштырган баңгикурьер жигиттин калпын кыз кечиреби? Ушул жана башка учурдун актуалдуу маселелерин чагылдырган криминалдуу суроолордун жообун "Дочь" тасмасынан аласыз.

"Дочь" кинотасмасынын жаратуучуларынын бири Жаныш Майрамбек уулунун айтымында, тасманын сценарийи ойдон чыгарылганы менен андагы бардык окуялар чыныгы жашоодон алынган.

"Сценарийдин автору "Ак кеме production", тагыраагы, Белек Тургунов, Залкар Касымов жана мен. Режиссёрлук милдетти Белек жана мен аркаладым. Тасма драма, криминал жанрында тартылган.

Негизи буга чейин кыргыз элинин жашоосунда драма жетишет деген ойдо, комедия тартып жүрө бериптирбиз. Себеби комедия тартып, күлдүрө алган адам башка эмоцияны дагы бере алат. Эми элдин талабы менен башка жанрдагы тасма тартып көрөлү дедик.

Тасманын сценарийи ойдон чыгарылганы менен андагы көрүнүштөр жашоодон алынган. Тасма аркылуу элге зыян нерседен алыс болгула жана башкаларга зыян кылбагыла деген ойду жеткирели дегенбиз", - дейт ал.

Ал эми аталган тасмада башкы ролду жараткан 26 жаштагы Элина Айтпаеванын актриса катары тушоосу кесилди. Себеби ал биринчи жолу тасмага тартылганда эле дароо башкы каармандын ролун жараткан. Андыктан актриса өзү тууралуу кыскача маалымат бере кетти.

"Менин кичи мекеним Талас. Ошол жактан окууну бүткөм, учурда Бишкекте жашайм. Апам - кыргыз, атам - орус. Мындан улам эки тилди тең жакшы билем.

"Дочь" тасмасына тартылардан эки жума мурун "Тасмага тартылгым келет. Болгондо дагы башкы каармандын ролун жаратууну каалайм" деген максатымды күндөлүгүмө жазып койгон элем. Так эки жумадан кийин Instagram баракчама Жаныш Майрамбек уулу тасмага тартылуу сунушу менен жазып калды.

Буга чейин тасмага тартылбагандыктан кыйынчылыктар болду. Себеби мен жашоодо токтоо, дайыма жылмайып жүргөн адаммын. Ал эми тасмада ыйлап, кыйкырган учурларды аткаруу кыйынчылыктарды жаратты.

Бирок актёр Марат Амираевдин айтымына караганда, мен башка актёрлорго караганда азыраак дубль менен тартылыптырмын",- дейт актриса.

Жашоодо жолун таппай адашып, туура жолду издеген каармандын ролун жараткан 27 жаштагы актёр Саламат Калыбек уулу тартуу иштери ага абдан кызыктуу болгонун айтат.

"Мен Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайды аяктагам. Учурда аталган театрда эмгектенем.

Мага тасма жаратуучулары тартылуу сунушун айтып калышты. Келсем, команданын бардык мүчөлөрү отурушуптур, карап көрүп жактырышты.

Өзүм ушул кесип менен эмгектенип жаткандан кийин тартылуу учурунда көп деле кыйынчылык болгон жок. Тескерисинче мага абдан кызык болуп жатты. "Тасманын жыйынтыгы кандай болду экен?" деп коркуп жаттым эле, азыр көрсөм баары ойдогудай болуптур", - дейт актёр мырза.

Белгилей кетсек, "Дочь" тасмасы 27-апрелден тарта өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан