Сокулукта 15 жаштагы Раяна 13 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 15 жаштагы Раяна Табалдиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Сокулук райондук милициясына П.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 2007-жылы туулган кызы Раяна Табалдиева аттуу кызы 14-апрель күнү саат 13:00 чамасында Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, көзү кара, чачы кара узун, арыкчырай, бети сүйрү.

Айырмалоочу белгилери: курсагынын оң жагында меңдери бар.

Кийген кийими: кара куртка, кара жынсы шым, бутунда кара ботинка.

Урматтуу жарандар! Раяна Табалдиеванын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 03134 5-33-80, 0708 731 173, 0558 86-14-86 (издөө тобу) телефондору аркылуу байланышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан