Түптө жергиликтүү тургун "Йакын-Инкар" диний экстремисттик уюмунун катарынан чыкты

Түп районунун жашоочусу "Йакын-Инкар" диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын билдирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Түп районунун Арал айылын тургуну И.К. "Йакын -Инкар" диний экстремисттик уюмунан баш тартканын билдирген.

Ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин айтып, мындан ары мыйзамдуулукту так сактоону жана Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдар, агымдарды колдобой тургандыгын жана башка жарандарды ушул сыяктуу уюмдардан алыс болуусуна чакырып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erma78
2023-04-27 13:46:00
Мечиттерде молдолор кыздарды жамандыктын жана күнөөлөрдүн образы катары сүрөтөп жатышат. Муну токтотуш керек. Бул көрүнүш сиздердин кызыңарды басынтууга жол ачат. Диний фанатизм - жамандыкты алып келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан