"Туулган күнүмдөн маанилүүрөөк пландарым бар". Ырчы Асел Касымова 38 жашка чыкты

Бүгүн, 27-апрелде ырчы Асель Касымова 38 жашка толду. Ырчы айымды туулган күнү менен куттуктап, анын маанайын билүү үчүн байланышка чыктык.

"Маанайым абдан сонун. Биринчи эле жакындарым куттукташты, андан кийин менеджерим уктап калгандан кийин түнү куттуктап келип калыптыр. Бүгүнкү күнгө эч кандай пландар жок. Себеби андан маанилүүрөөк пландарым бар. Азырынча айтпай турайын. Буюрса, жакынкы күндөрү ишке ашып калат.

Негизи убакыт өткөн сайын туулган күнгө деле анча маани бербей калат экенсиң. Досторум "өткөрөлү" деп жатышат. Кечке чейин ойлонуп көрөм го", - дейт ал.

Ырчы Асель Касымова 1985-жылы 27-апрелде Ош шаарында туулган. 2003-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган.

Алгач 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон.

Ырчы айым жеке жашоосу тууралуу берген маектеринин биринде, сүйгөнүнө жетпей калып депрессия болгонун айтканы бар.

ардык маселеде күчтүүмүн, бирок сүйүүдө жана уйкуда алсызмын. Сүйгөндө ар бир адам алсыз боло түшөт деп ойлойм. Сүйгөнүмө жетпей калып депрессия болгонумду айтып эле жүрөм. Мен сүйүүгө туруктуумун. Бир адамдан экинчисине өтүп сүйө бербейм, көрүнгөндү "жаным" деп айта албайм. Мындай сөздөрдү сүйгөнүмө гана айта алам, сүйгөн адамымды гана эркелетишим мүмкүн. Башка бир-эки көргөн адамдардан да мындай сөздөрдү угууну каалабайм, сөздүн баркын кетирип «жаным» дей бергендерге жиним келет", - деген ал.

Асель Касымованын репертуарында "От болуп жандым", "Сулуу жигит", "Бир сен үчүн", "Жалгызым" жана башка чыгармалары бар.

27-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан