Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен маалымдашты.
Билдирүүдө жазылгандай, Г.К. аттуу жаран 26-апрелде арыз менен милицияга кайрылган. Арызында "Ош базарында" Samsung A 30 үлгүсүндөгү 11 миң сомдук телефонун уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Кылмышка шектелип, 23 жаштагы О.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурдалып алынган телефонду кайтарып берген.