Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ден соолукка залал келтирген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 23-мартта караган түнү саат 2:00 чамасында Базар-Коргон шаарынын аймагында өзүнө тааныш болгон 3 бала ич ара пикир келишпестиктен улам уруп коюшкандыгын, алардын бири колундагы темир менен тизесине чаап сындырып койгондугун билдирген.
Арыз ээсине карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык анча оор эмес дене жараат алгандыгы аныкталган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургундары 1990-жылы туулган А.И., 1991-жылы туулган К.И. жана 1995-жылы туулган Ж.Б. кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.