УКМКнын кызматкерлери Бакай-Ата айылдык аймагынын турак жай коммуналдык чарбасынын жетекчилигинин коррупциялык иштерин аныктады

КРнын УКМКсынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата айылдык аймагынын турак жай коммуналдык чарбасынын жетекчилигинин коррупциялык иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата айылдык аймагынын турак жай коммуналдык чарбасынын бухгалтердик отчётунда бир катар мыйзам бузуулар катталган. Анда жолдорду оңдоого, көчөлөргө жарык берүүгө, эстеликтерди курууга бир катар акча чыгымдалганы маалымдалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында чыгымдалган акчанын баары кагазда гана ишке ашканы аныкталган. Ушундан улам 3-декабрь күнү Талас облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгогон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayim.92
2013-12-11 11:21:26
Ой ииий эми баарын камашат тура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан