Өзбекстандын Сырдарыя облусунда үч адам жеке менчик үйдөгү ажатканада заңга ууланып каза болду. Бул тууралуу Сырдарыя облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы бейшембиде билдирди.
Маалыматка ылайык, Сырдарыя облусунун Сардоба районунун тургуну атасы менен инисинен ажатканага түшүп кеткен уюлдук телефонун алууга жардам берүүнү суранган. Телефонду алууга аракет кылган үчөө тең ууланып, сыртка чыга албай калышкан.
"Үч адам ажатканага түшүп кеткен телефонду алабыз деп каза болушту. Алар эч кандай коопсуздук чараларын көргөн эмес", - деп айтылат облустук прокуратуранын телеграм-каналында.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.