Баткен облусунда катталган катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айылында 3 турак үй, 1 убактылуу жашоочу үй (времянка), 2 сарай жана 1 гараждын шиферин шамал учуруп кеткен.
Жеринде Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жумуш алып барууда.