"Queen" тобунун лидери Фредди Меркьюринин чолок шымы аукциондо 1 жарым миллион рублга сатылды 

Британиялык “Queen” тобунун лидери Фредди Меркьюринин булгаарыдан тигилген чолок шымы 1 жарым миллион рублга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, рок-группанын ырчысы Фредди Меркьюринин булгаарыдан тигилген чолок шымын атын атагысы келбеген күйөрманы аукциондон 1 жарым миллион рублга сатып алган. Ал эми аукцион үйүнүн маалыматы боюнча, атын атагысы келбеген сатып алуучу чолок шымдын аныктыгын тастыктаган түпнускасын жана топтун фан-клубунун жетекчиси Жеки Смит менен топтун биографы Жим Женкинс тарабынан жазылган “Queen” тобунун "Баары кантип башталган" аттуу китебин алган.

Белгилей кетсек, Фредди Меркьюри булгаарыдан тигилген чолок шымын 1980-жылы декабрда Бермингемде аншлаг менен өткөн концертинде кийип көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-04-28 11:19:00
Англияда аукциондор рубль менен отуп калганбы? Же аукцион РФда откозулдубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан