Май айында Кыргызстанда эки Азия чемпионаты өтөт. Ага дээрлик 2 жарым миллион сом бөлүндү

Май айында Кыргызстанда гиря көтөрүү жана бодбилдинг боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионаты 4-8-май күндөрү Бишкек шаарында, ал эми бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты 12-15-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Гиря көтөрүү боюнча Азия чемпионатына 6 өлкөдөн (Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Индия жана Кыргызстан) 300дөй спортчу катышат. Ал эми мелдешти өткөрүү үчүн департаменттин бюджетинен 1 миллион 480 миң сом каралган.

Ошондой эле бодибилдинг, фитнес жана фитнес челлендж боюнча Азия чемпионатына 20 өлкөдөн 700-800гө жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Бодибилдинг боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө башкармалыктын бюджетинен 955 миң сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан