Актриса болууну 5 жашында эле чечип койгон Жессика Альба 42 жашка чыкты

Америкалык актриса жана жеке ишкер Жессика Альба 42 жашка чыкты. 5 жашында эле кыялын так аныктап койгон актриса 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн.

Көп өтпөй үй-бүлөсү менен Миссисипи штатына көчүп келишет. Бул тууралуу актриса "атам мексикалык, апамда француз каны болгондуктан эл аларды "куураган эмигранттар" деп жаман көрө турган. Ушул себептүү ата-энем оңдуураак жумушка орношо алышкан эмес", - дегени бар.

Бардык кыйынчылыктарга карабай, болочоктогу жылдыз 5 жашында "актриса болом" деп чечкен. 12 жашында актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң "Адашкан лагерь" тасмасындагы биринчи ролуна ээ болот. Ал массовкада тартылып жүргөндө башкы ролду ойной турган кыз кокусунан ооруп калып, Жессиканын чачынын өңү баш каармандыкына окшош болгондугу үчүн бул ролго тандап алышкан.

Кинокарьерасын эрте баштаган кичинекей актриса бул кесиптин жеңил эместигине көзү жетет. Чет элдик басылмаларга берген маектеринин биринде ал "Бай жана атактуу адамдардын катарына кошуучу жалгыз жол ушул болчу. Мектептен келген соң курбуларымдай болуп көңүл ачуунун ордуна үй тапшырмаларымды даярдап, андан кийин 10 барактан турган сценарий жаттап, машыкчумун", - деген.

Жессика Альба "Флиппер" сериалына тартылып жаткан учурда аны уурдап кетишкен. Ал убакта актриса болгону 14 жашта болчу. Ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган.

Ал табылгандан кийин бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, актрисага көңүл буруулар көбөйгөн. Натыйжада, ал "Беверли-Хилз, 90210" сериалына андан кийин Жеймс Камерондон "Кара периште" телесериалына тартылып, эл оозуна алына баштайт. Дал ушул телесериалга тартылып жатканда өнөктөшү Майкл Уэзерли менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болот. 12 жаш айырмачылыкка карабай ал актёрго турмушка чыгууга макулдугун берген. Бирок 2003-жылы алар мамилесин токтотконун айтып чыгышкан.

Актриса 2005-жылы "Фантастикалуу төртилик" тасмасына тартылып жатканда кинопродюсер Кэш Уоррен менен таанышат.

Экөөнүн мамилеси акырындык менен өнүгүп отуруп, 2008-жылдын май айында Лос-Анжелес шаарында баш кошушкан.

Жубайлардын Онор Мари Уоррен менен Хэвен Гарнер Уоррен аттуу кыздары жана Хэйес Альба Уоррен аттуу уулу бар. "Кызым, сен төрөлгөндөн кийин мен бул жашоого эмне үчүн жаралганымды түшүнгөм" деген актриса учурда ири долбоорлорго катышпай келет. Анын "The Honest Company" аттуу жаш балдарга арналган таза азыктарды өндүрүү тармагында ийгиликтүү бизнеси бар. Аналитиктер анын акцияларынын баасын 200 миллион долларга баалашкан.

Жессика Альба 2021-жылы ден соолугуна байланыштуу кино индустриясынан кеткендигин жар салган. "Апам 20 жашында залалдуу шишик дартына кабылган. Мен болсо өнөкөт оору менен төрөлгөм. 11 жашыма чейин 5 операцияны башымдан өткөздүм. Андан сырткары өнөкөт аллергиям да бар болчу. Бала чагымда көп ирет ооруканага жаткам", - деген ал.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан