Кара-Кулжада сууга агып кеткен жаранды 50 куткаруучу издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, кечээ, 27-апрелде "Мырза-Аке -Кара-Кулжа-Алайкуу" жолунда бараткан УАЗ үлгүсүндөгү унаа Күйүктүн белине жеткенде жолдон чыгып кетип, Тар суусуна кулап түшкөн. Унаада эки адам болгону кабарланды. Жанындагы адам унаанын ичинде калып, айдоочу терезеден чыгып, сууга агып кеткен.
Агып кеткен адамды табуу үчүн кечээ 79 адам чыгып, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулган.
Издөө бүгүн да уланууда. Бүгүн ӨКМнын Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМдин райондук бөлүмүнөн 10 кызматкер жөнөтүлгөн. Андан тышкары жергиликтүү тургундардан 30 адам да издөө иштерине кошулган.