Кант шаарынын Ленин көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрт кечээ, 27-апрелде чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 19:53тө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Саат 20:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.
Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, өрт чыккан үйдө күйүүчү май сатылганын маалымдаган болчу.