Кыргыз балбан кыздары Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат (тизме)

Кыргызcтандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Анталия шаарында өтө турган “Victory Cup and Champions” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.

Мелдеш 29-апрелде башталып, 4-майга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:
1. Айдай Нурудинова 62 килограмм;
2. Айтолкун Медет кызы 57 килограмм;
3. Таңчолпон Кыбалбекова 62 килограмм;
4. Калмира Билимбекова 59 килограмм;
5. Гулнур Таштанбекова 68 килограмм;
6. Жаркынай Нурлан кызы 62 килограмм;
7. Гүлдана Баатырбекова 60 килограмм.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучулар Нурсултан Аскарбеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан