Бишкекте кайрадан №33 мектепте бомба изделүүдө

Бүгүн, 28-апрелде борбор калаадагы №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалымдалгандай, аталган мектепте эвакуация иштери жүргүзүлүүдө. Андагы сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.

Белгилүү болгондой, жыл башынан бери бул мектепте мындай көрүнүш жетинчи жолу кайталанып жатат.

Эске салсак, буга чейин 26-апрелде борбор калаадагы 28 билим берүү мекемесинде бомба бар экени айтылган болчу. Бирок мындай билдирүүлөрдү ким жибергени ушул күнгө чейин тактала элек.

Киберкоопсуздук боюнча эксперттер билдирүүлөрдү сватинг менен алектенген өспүрүмдөр жөнөтүшү мүмкүн экенин айтышкан.

Ал эми окуя боюнча бардык чогултулган протоколдор жана алар боюнча козголгон иштер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан УКМКын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, бомба боюнча маалымат берген изделип жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан