Кызыл-Кыядагы мектепте 90 миң сом уурдалган. Шектүү катары 37 жаштагы аял кармалды

Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте уурулук кылганга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, М.О. аттуу шаар тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептеги өзүнүн кабинетинде отургучта илинип турган сумкадагы банктык карточкасын белгисиз жаран уурдап алып, карточканын ичиндеги 90 миң сом акчасын чечип алгандыгын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 37 жаштагы Х.А. аттуу аял кармалды.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда келтирилген 90 миң сом зыян калыбына келтирилип, жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Азыркы күндө кылмыш иш тергелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2023-04-28 21:59:00
Кылмыш иши толугу менен Баткен облусунда, Кызыл-Кыя шаарында болуп жатса, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын бул жерде эмне тиешеси бар? Же кылмышкер Жалал-Абаддан кармалдыбы? Маалыматты түшүнүктүү кылып бербейсиңерби!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан