Ошто 3-класстын окуучусун жөө өтмөктөн унаа сүзүп, ал ооруканага жетпей каза болду 

Ош шаарында 3-класстын окуучусун жөө өтмөктөн унаа сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Бүгүн, 28-апрелде саат 13:00 чамасында Алишер Навои көчөсүндөгү жөө өтмөктөн Ленин атындагы №10 орто мектептин 2014-жылы туулган окуучусун аял киши башкарып бара жаткан Хонда Жаз үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. Тилекке каршы, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду.

Учурда автоунаа айып аянтчасына киргизилди. Тиешелүү документтер чогултулуп, тергөө иши Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан