Сузакта 12 жашар бала мал сарайда асынган абалда табылды

Сузак районунда 12 жаштагы бала үйүнүн жанындагы мал сарайда асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде саат 19:30дар чамасында Сузак районунун 2011-жылы туулган тургуну өзүнүн үйүнүн жанындагы мал сарайда жипке асынган абалда табылган.

"Бул окуя боюнча баланын атасы көрсөтмө берип, уулунун жаштайынан оорукчан экендигин айтып, мал сарайда асынып каза болгондугун билдирди. Ал окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан