"Ысык-Ата" санаторийинде мыйзамсыз аракеттер аныкталды

“Ысык-Ата” санаторийинин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан “Ысык-Ата” санаториясында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө санаториянын мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаториянын айрым кызматкерлери материалдык кызыкчылыктарды көздөп, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 миллион 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерин түзүшүп, санаторияга 1 миллион 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан