Панфилов районунда 55 жаштагы эркек кишини өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Чүй облустук милициясынан билдирди
Маалыматка ылайык, 26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барганда, маркумдун денесинде зомбулуктун издери бар экендиги байкалган жана ал соттук-медициналык эксперт тарабынан да тастыкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган В.Х. аттуу жаран экендиги такталган.
"Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.Т. жана 1962-жылы туулган Д.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя ичкилик ичип отурушуп ортодогу чырдан улам келип чыгып, кылмыш жообунан кутулуу максатында өлгөн адамдын денесин Чоң Чүй каналына алып барып ыргытып жиберишкени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.