Кыргызстандык дзюдочулар Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чемпионат 7-майда башталып 14-майга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  1. Ханболот Ырысбеков - 60 килограмм;
  2. Кубанычбек Айбек уулу - 66 килограмм;
  3. Чыңгызхан Сагыналиев - 73 килограмм;
  4. Эртур Турдубаев - 73 кг;
  5. Асад Масабиров - 81 килограмм;
  6. Эрлан Шеров - 90 килограмм.

Дзюдо боюнча курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан