Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап, шантаж кылып иштетип жүргөн "блогер" кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнө шаар аймагында "Н" аттуу атуул сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 28-апрелде аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 1989-жылы туулган Ч.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ч.Н. интернет тармагында өзүнүн баракчалары аркылуу "блогерлик" кыларын айтып, сойкулук менен алектенген кыздарды интернет тармагы аркылуу маалыматтарды таркатуу менен шантаж кылып, 25 жана 27 жаштагы кыздарды мажбурлап иштетип жүргөндүгү аныкталган. Милиция тарабынан Жалал-Абад шаарындагы кыздар иштеп жаткан батир тинтүүгө алынып, тиешелүү далил буюмдар алынган.
Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо 102, 03722 5 28 31, 0550 39 00 01, 0779 10 10 45, 0778 00 00 98 номерлерине кайрылсаӊыздар болот.